50-статья. Жеке мүлктүк эмес укуктар жана башка материалдык эмес баалуулуктар
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-Глава
50-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 50-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Гражданга таандык болгон төмөндөгү материалдык эмес баалуулуктар:
өмүрү жана ден соолугу; жеке кадыр-баркы; жеке кол тийбестиги; ар-намысы жана асылдуулугу; ишкердүү бедели; жеке турмушуна кол тийбестиги; жеке жана үй-бүлөлүк сыры; бир жерден экинчи жерге эркин баруу, турган жана жашаган жерин тандап алуу мүмкүнчүлүгү; башка материалдык эмес баалуулуктар мына ушул материалдык эмес баалуулуктардын маңызына ылайык ушул Кодексте каралган граждандык укуктарды коргоонун ыкмалары пайдаланылышы мүмкүн болгон учурларда мыйзамдар тарабынан корголот.
2. Жеке мүлктүк эмес укуктар мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат жана корголот.
Аларга: өзүнүн ысымын пайдалануу укугу, автордук укук, өз атына болгон укук, чыгармаларына кол тийбестик укугу жана башка интеллектуалдык ишмердиктин натыйжаларына болгон укуктарды коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык мүлктүк эмес укуктар таандык кылынат.
3. Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өлгөн адамга таандык болгон жеке мүлктүк эмес укуктар жана башка материалдык эмес баалуулуктар башка адамдар, анын ичинде укук ээсинин мурастоочулары тарабынан жүзөгө ашырылышы жана корголушу мүмкүн.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-50" title="50-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>