# 5-статья. Граждандык мыйзамдарды окшоштугу боюнча колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 5-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-5

---

1. Ушул Кодекстин 1-статьясынын 1 жана 2-пунктарында каралган учурларда, мамилелер мыйзамдар же тараптардын макулдашуусу тарабынан түздөн-түз жөнгө салынбаганда жана аларга карата колдонулуучу ишкердүү карым-катнаштардын каада-салты жок болгон учурда, мунун өзү алардын маңызына карама-каршы келбегендиктен, мындай мамилелерге карата граждандык мыйзамдардын бирдей мамилелерди (мыйзамдын окшоштугу) жөнгө салуучу нормалары колдонулат.

2. Көрсөтүлгөн учурларда мыйзамдын окшоштугун пайдалануу мүмкүн болбогондо тараптардын укуктары жана милдеттери граждандык мыйзамдардын (укуктардын окшоштугу) жалпы башталыштарына жана маанисине жана ак ниеттүүлүктүн, аң сезимдүүлүктүн жана акыйкаттуулуктун талаптарына негизденип аныкталат.

3. Окшоштугу боюнча граждандык укуктарды чектеген жана жоопкерчиликти белгилеген нормаларды колдонууга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-6)
