# 47-статья. Акция

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов и судебной правовой реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112406)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.07.2022 [Закон КР от 4 июля 2022 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов и судебной правовой реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112406); 27.03.2003 [Закон КР от 27 марта 2003 года №65 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1189)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263355..1263356>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 47-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-47

---

1. Дивиденддер түрүндө акционердик коомдун пайдасынын бир бөлүгүн алууга, акционердик коомдун иштерин башкарууга катышууда жана ал жоюлгандан кийин калган мүлктүн бир бөлүгүнө аны кармоочунун (акционердин) укугун күбөлөндүрүүчү баалуу кагаз акция деп таанылат.

Акциялар аты жазылып, эркин жүгүртүлүүчү же жүгүртүү чөйрөсү чектелүү боло алат.

2. Акционердик коом өзүнүн ээлик кылуу ишинин натыйжаларына карабастан өлчөмү акцияларды чыгарууда белгиленген проценттерди алууга аны кармоочуга гарантия берүүчү, ошондой эле акционердик коом жоюлгандан кийин калган мүлктүн бир бөлүгүн алууга башка акционерлерге караганда жеңилдетүүчү укугун берүүчү артыкчылыктуу акцияларды мыйзамда белгиленген чектерде чыгарууга акылуу.

Эгерде акционердик коомдун мыйзамында башкача каралбаса, акционердик коомдун артыкчылык акцияларын кармоочуларга коомдун ишин башкарууга катышуу укугу берилбейт. (КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 65, 2022-жылдын 4-июлундагы № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-46)  
Кийинки берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-48)
