# 42-статья. Баалуу кагаздар боюнча аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 42-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-42

---

1. Баалуу кагазды берген жак жана аны индоссирлеген бардык жактар анын мыйзамдуу ээсинин алдында биргелешкен жоопкерчилик тартат. Баалуу кагаздын мыйзамдуу ээсинин ал кагаз күбөлөндүргөн милдеттенмелерди баалуу кагаз боюнча милдеттенме алгандардын биринин же бир нечесинин аткарышы жөнүндөгү талабы канааттандырылган учурда алар баалуу кагаз боюнча милдеттенме алган калган адамдарга карата кайра талап кылуу (регресс) укугуна ээ болот.

2. Милдеттенмелердин негизинин жоктугуна же анын жараксыздыгына шылтоо кылып, баалуу кагаз менен күбөлөндүрүлгөн милдеттенмелерди аткаруудан баш тартууга жол берилбейт.

Баалуу кагаз жалган же жасалма экендигин билип калган баалуу кагаздын ээси ал кагазды өткөрүп берген адамга баалуу кагаз менен күбөлөндүрүлгөн милдеттенмелерди талаптагыдай аткаруу жана чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндөгү талап менен кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-41)  
Кийинки берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-43)
