# 414-статья. Келишимдин бузулушунун жана өзгөртүлүшүнүн натыйжасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-414>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-414.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 414-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-414

---

1. Келишим бузулганда тараптардын милдеттенмелери токтотулат.

2. Келишим өзгөртүлгөндө тараптардын милдеттенмелери өзгөртүлгөн түрдө колдонула берет.

3. Эгерде тараптардын макулдашуусунан же келишимди өзгөртүүнүн мүнөзүнөн башка келип чыкпаса, келишим бузулганда же өзгөртүлгөндө тараптар келишимди өзгөртүү же бузуу жөнүндө макулдашууга жетишкен учурдан, ал эми келишим сот аркылуу бузулганда же өзгөртүлгөндө - соттун келишимди бузуу же өзгөртүү тууралу чечими мыйзамдуу күчкө ээ болгон учурдан баштап милдеттенме токтотулган же өзгөртүлгөн болуп эсептелинет.

4. Эгерде мыйзамда же тараптардын макулдашуусунда башка каралбаса, тараптар келишим бузулганга же өзгөртүлгөнгө чейин милдеттенме боюнча аткарылган нерсени кайтарып берүүнү талап кылууга укуксуз.

5. Эгерде келишимди бузууга же өзгөртүүгө тараптардын биринин келишимди олуттуу бузушу негиз болсо, башка тарап келишимдин бузулушунан же өзгөртүлүшүнөн улам тартылган чыгымдын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Акаев |

---

Мурунку берене: [413-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-413)
