# 41-статья. Баалуу кагаз боюнча укуктарды өткөрүп берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 41-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-41

---

1. Баалуу кагаз менен күбөлөндүрүлгөн укуктарды башка адамга өткөрүп берүү үчүн баалуу кагазды бул адамга тапшыруу жетиштүү.

2. Аты жазылган баалуу кагаз менен күбөлөндүрүлгөн укуктар талаптарды эпке келтирүү (цессия) үчүн белгиленген тартипте өткөрүлүп берилет. Ушул Кодекстин 316-статьясынын 4-пунктуна ылайык баалуу кагаз боюнча укукту өткөрүп берүүчү адам анын аткарылышы үчүн эмес, тиешелүү талаптын аныктыгы үчүн жоопкерчиликте болот.

3. Ордердик баалуу кагаз боюнча укуктар бул кагазга өткөрүп берүү жазуусун - индоссамент жүргүзүү аркылуу өткөрүлүп берилет. Индоссант укуктун болушу үчүн гана эмес, анын жүзөгө ашырылышы үчүн да жоопкерчиликте болот.

Баалуу кагазда жүргүзүлгөн индоссамент баалуу кагазда күбөлөндүрүлгөн бардык укуктарды баалуу кагаздар боюнча укуктар - индоссант өткөрүлүп берилген адамга же анын буйругу менен өткөрүлүп берилет. Индоссамент бланктык (аткаруу жүргүзүлүүгө тийиш болгон адамды көрсөтпөстөн) же ордердик (аткаруу жүргүзүлө турган адамды же анын буйругу менен жүргүзүлө турган аткарууну көрсөтүү менен) болушу мүмкүн. Индоссамент баалуу кагазда күбөлөндүрүлгөн укуктарды индоссатка өткөрүп бербестен (кайра тапшырылган индоссамент) аны жүзөгө ашырууну тапшыруу менен чектелиши мүмкүн. Мындай учурда индоссант өкүл катары чыгат.

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-40)  
Кийинки берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-42)
