# 408-статья. Соодадагы келишимдин түзүлүшү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 февраля 2024 года № 51 О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве")](https://aqlex.ai/kg/doc/230004708)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.02.2024 [Закон КР от 16 февраля 2024 года № 51 О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве")](https://aqlex.ai/kg/doc/230004708); 15.10.1997 [Закон КР от 15 октября 1997 года №76 "О внесении изменений и дополнений в часть первую Гражданского кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/576)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263361..4835>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-408>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-408.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 408-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-408

---

1. Эгерде маңызынан башка нерсе келип чыкпаса, келишим соодалашуу аркылуу түзүлүшү мүмкүн. Мында келишимди соодалашууда жеңип чыккан тарап түзөт.

2. Соодалашууну уюштуруучу катары буюмдун менчик ээси же менчик укугунун ээси, же адистешкен уюм чыга алат. Адистешкен уюм буюмдун ээси же мүлк укугунун ээси менен келишимдин негизинде аракеттенет жана алардын же өзүнүн атынан чыгат.

3. Ушул Кодексте же башка мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда буюмду же мүлк укугун сатуу жөнүндөгү келишимдер соода өткөрүү аркылуу гана түзүлүшү мүмкүн.

4. Соода аукцион же конкурс түрүндө жүргүзүлөт.

Айрыкча жогорку бааны сунуш кылган жак аукциондогу сооданы жеңип чыккан катары, ал эми конкурста болсо - конкурстук комиссияны уюштуруучу тарабынан мурдатан жасалган тыянакка ылайык мыкты шарттарды сунуш кылган жак жеңип чыккан катары таанылат. Сооданын түрү, эгерде мыйзамда башка каралбаган болсо, сатылуучу буюмдун менчик ээси же сатылуучу мүлк укугунун ээси тарабынан аныкталат.

5. Бир гана катышуучу катышкан аукцион жана конкурс өткөрүлбөгөн катары таанылат.

6. Аткаруу документтерин мажбурлап аткартуу процессинде өткөрүлүүчү сооданы уюштуруунун жана өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдар менен белгиленет.

7. Банкроттук процессинде жүргүзүлүүчү келишим түзүү, соодаларды уюштуруу жана өткөрүү өзгөчөлүктөрү банкроттук жөнүндөгү мыйзамдар менен белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76, 2024-жылдын 16-февралындагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [407-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-407)  
Кийинки берене: [409-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-409)
