# 40-статья. Баалуу кагаз менен күбөлөндүрүлгөн укуктардын субъектилери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 40-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-40

---

1. Баалуу кагаздар менен күбөлөндүрүлгөн укуктар:

1) баалуу кагазды көрсөтүүчүгө (көрсөтүүчүнүн баалуу кагазы), же болбосо

2) баалуу кагазда көрсөтүлгөн адамга (аты жазылган баалуу кагаз), же болбосо

3) баалуу кагазда көрсөтүлгөн адамга таандык болушу мүмкүн, ал бул укуктарды өзү жүзөгө ашырышы же өзүнүн тапшырмасы (буйругу) менен башка укук берилген адамды (ордердик баалуу кагаз) дайындашы мүмкүн болгондорго таандык.

2. Мыйзам тарабынан аты жазылган, же болбосо ордердик, же болбосо көрсөтүүчүнүн баалуу кагазы катары белгилүү түрдөгү баалуу кагаздарды чыгаруу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылган.

3. Эгерде ал өзүнүн баалуу кагазды сатып алышынын укукка ылайык эместиги жөнүндө, атап айтканда баалуу кагаз аны ээликтен ажыратуу укугу жок адамдан сатылып алынгандыгы жөнүндө билгендиги же билүүгө тийиш болгондугу далилденсе, ал адам баалуу кагаздын мыйзамдуу ээси (кармоочусу) болуп эсептелбейт.

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-41)
