# 396-статья. Оферта

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-396>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-396.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 396-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-396

---

1. Сунуш кылган жактын бир же бир нече конкреттүү жакка жетишээрлик ачык жиберген, өзүн сунушту кабыл алуучу жак менен келишим түзгөн катары эсептөөгө ниеттенген сунушу оферта катары таанылат.

Оферта келишимдин олуттуу шарттарын камтууга тийиш.

2. Оферта аны жиберген жакты ал алынган учурдан баштап жиберилген жак менен байланыштырат.

Эгерде офертаны чакыртып алуу жөнүндө билдирүү офертанын өзүнөн мурда же аны менен бир учурда келип түшсө, оферта алынбаган катары эсептелинет.

---

Мурунку берене: [395-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-395)  
Кийинки берене: [397-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-397)
