# 395-статья. Келишимдин формасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-395>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-395.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 395-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-395

---

1. Эгерде мыйзамда аталган формадагы келишимдер үчүн аныкталган түр белгиленбесе, келишим бүтүм жасоо үчүн каралган ар кандай формада түзүлө алат.

Эгерде тараптар келишимди аныкталган түрдө түзүүгө макулдашса, анда мыйзам тарабынан аталган формадагы келишимдер үчүн мындай форма талап кылынбаган болсо да ага шартталган форма берилген учурдан баштап түзүлгөн болуп саналат.

2. Жазуу түрүндөгү келишимди тараптар кол койгон бир документти түзүү аркылуу, ошондой эле кат алышуу, телеграмма, телетайпограмма, телефонограмма беришүү аркылуу, факсимилдик, электрондук же башка байланыштын жардамы менен, же документтин келишим тараптан алынгандыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү башка ыкма менен түзүүгө болот.

3. Эгерде келишимди түзүү боюнча жазуу формасындагы сунуш ушул Кодекстин 402-статьясында каралган тартипте кабыл алынган болсо, келишимдин жазуу түрү сакталган болуп саналат.

---

Мурунку берене: [394-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-394)  
Кийинки берене: [396-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-396)
