# 392-статья. Келишимдин чечмелениши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-392>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-392.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 392-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-392

---

Келишимдин шарттарын чечмелөөдө сот тарабынан анда камтылган сөздөрдүн жана туюнтмалардын түз мааниси көңүлгө алынат. Келишим шартынын түз мааниси бүдөмүк болгон учурда келишимдин башка шарттары жана жалпы маңызы менен салыштыруу аркылуу белгиленет. Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүндө камтылган эрежелер келишимдин мазмунун аныктоого мүмкүндүк бербесе, келишимдин максатын эске алуу менен тараптардын накта жалпы эрки аныкталууга тийиш. Мында келишимдин алдындагы сүйлөшүүлөрдү, кат алышууну, тараптардын өз ара мамилесинде туруктуу болуп калган практиканы, ишкер жүгүртүү каадасын, тараптардын андан кийинки жүрүм-турумдарын кошкондогу тийиштүү бардык кырдаалдар көңүлгө алынат.

---

Мурунку берене: [391-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-391)  
Кийинки берене: [393-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-393)
