392-статья. Келишимдин чечмелениши
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 22-Глава
Келишимдин шарттарын чечмелөөдө сот тарабынан анда камтылган сөздөрдүн жана туюнтмалардын түз мааниси көңүлгө алынат. Келишим шартынын түз мааниси бүдөмүк болгон учурда келишимдин башка шарттары жана жалпы маңызы менен салыштыруу аркылуу белгиленет. Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүндө камтылган эрежелер келишимдин мазмунун аныктоого мүмкүндүк бербесе, келишимдин максатын эске алуу менен тараптардын накта жалпы эрки аныкталууга тийиш. Мында келишимдин алдындагы сүйлөшүүлөрдү, кат алышууну, тараптардын өз ара мамилесинде туруктуу болуп калган практиканы, ишкер жүгүртүү каадасын, тараптардын андан кийинки жүрүм-турумдарын кошкондогу тийиштүү бардык кырдаалдар көңүлгө алынат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
392-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-392" title="392-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>