# 390-статья. Баа

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-390>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-390.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 390-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-390

---

1. Келишимди аткарууда тараптардын эсептешүүсү тараптардын макулдашуусу менен белгиленген баада жүргүзүлөт.

Мыйзамда каралган учурларда буга укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленүүчү же жөнгө салынуучу баалар (тарифтер, баа ченөө, баалоо (ставкалар) ж.у.с.) колдонулат.

2. Келишим түзүлгөндөн кийин бааны өзгөртүүгө келишимде, мыйзамда каралган учурларда жана шарттарда же мыйзамда белгиленген тартипте жол берилет.

3. Акы төлөнүүчү келишимде баа каралбаган жана келишимдин шартына жараша аныкталбоочу учурларда келишим ал түзүлгөн учурда тараптардын эсептешүүсү салыштырмалуу кырдаалдарда ошондой эле товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөнгөн баа боюнча жүргүзүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [389-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-389)  
Кийинки берене: [391-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-391)
