# 39-статья. Документтик эмес баалуу кагаздар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 39-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-39

---

1. Мыйзамда аныкталган учурларда же аларда белгиленген тартипте атайын лицензия алган адам аты жазылган же ордердик баалуу кагаз менен бекемделген укуктарын, анын ичинде документтик эмес формада (электрондук-эсептөө техникасынын жана башкалардын жардамы менен) фиксациялай алат. Эгерде фиксациялоонун өзгөчөлүктөрүндө башкача болбосо, укуктарды фиксациялоонун мындай формасына баалуу кагаздар үчүн белгиленген эрежелер колдонулат.

Документтик эмес формада укуктарды фиксациялоону жүзөгө ашырган адам укук ээсинин талабы боюнча ага бекемделген укугун күбөлөндүргөн документ берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн фиксациялоо аркылуу күбөлөндүрүлүүчү укуктар, укуктарды жана укук ээлерин официалдуу фиксациялоонун тартиби, жазууларды документалдуу ырастоонун тартиби жана документтик эмес баалуу кагаздарды операция жүргүзүүнүн тартиби мыйзам же ал тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.

2. Документтик эмес баалуу кагаздар менен операциялар укуктарды жазууну официалдуу жүргүзгөн адамга кайрылуу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Укуктарды өткөрүп берүү, берүү жана чектөө ушул адам тарабынан официалдуу фиксацияланууга тийиш, ал адам официалдуу жазуулардын сакталышы, алардын жашырындуулугун камсыз кылуу, мындай жазуулар жөнүндө туура маалыматтарды берүү, жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө официалдуу жазууларды жүргүзүү үчүн жоопкерчиликте болот.

---

Мурунку берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-38)  
Кийинки берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-40)
