39-статья. Документтик эмес баалуу кагаздар
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-Глава
39-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 39-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Мыйзамда аныкталган учурларда же аларда белгиленген тартипте атайын лицензия алган адам аты жазылган же ордердик баалуу кагаз менен бекемделген укуктарын, анын ичинде документтик эмес формада (электрондук-эсептөө техникасынын жана башкалардын жардамы менен) фиксациялай алат. Эгерде фиксациялоонун өзгөчөлүктөрүндө башкача болбосо, укуктарды фиксациялоонун мындай формасына баалуу кагаздар үчүн белгиленген эрежелер колдонулат.
Документтик эмес формада укуктарды фиксациялоону жүзөгө ашырган адам укук ээсинин талабы боюнча ага бекемделген укугун күбөлөндүргөн документ берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн фиксациялоо аркылуу күбөлөндүрүлүүчү укуктар, укуктарды жана укук ээлерин официалдуу фиксациялоонун тартиби, жазууларды документалдуу ырастоонун тартиби жана документтик эмес баалуу кагаздарды операция жүргүзүүнүн тартиби мыйзам же ал тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
2. Документтик эмес баалуу кагаздар менен операциялар укуктарды жазууну официалдуу жүргүзгөн адамга кайрылуу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Укуктарды өткөрүп берүү, берүү жана чектөө ушул адам тарабынан официалдуу фиксацияланууга тийиш, ал адам официалдуу жазуулардын сакталышы, алардын жашырындуулугун камсыз кылуу, мындай жазуулар жөнүндө туура маалыматтарды берүү, жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө официалдуу жазууларды жүргүзүү үчүн жоопкерчиликте болот.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- О рынке ценных бумагЗакон · 21.07.1998 · № 95 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-39" title="39-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>