# 388-статья. Алдын ала келишим

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-388>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-388.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 388-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-388

---

1. Алдын ала келишим боюнча тараптар алдын ала келишимде каралган шарттарда мүлктү өткөрүп берүү, жумуш аткаруу же кызмат көрсөтүү жөнүндө келечекте келишим (негизги келишим) түзүүгө милдеттенишет.

2. Алдын ала келишим мыйзамдарда негизги келишим үчүн белгиленген түрдө, ал эми негизги келишимдин түрү белгиленбеген болсо, анда жазуу жүзүндө түзүлөт. Алдын ала келишимдин түрү тууралу эрежелерди сактабоо анын жараксыздыгына алып келет.

3. Алдын ала келишим негизги келишимдин предметин, ошондой эле башка олуттуу шарттарын аныктоого мүмкүндүк берген шарттарды камтууга тийиш.

4. Алдын ала келишимде тараптар негизги келишимди түзүүгө милдеттенген мөөнөт көрсөтүлөт. Эгерде алдын ала келишимде мындай мөөнөт аныкталбаса, анда белгиленген келишим алдын ала келишим түзүлгөн учурдан кийинки бир жылдын ичинде түзүлүүгө тийиш.

5. Алдын ала келишим түзгөн тарап негизги келишимди түзүүдөн баш тарткан учурда ушул Кодекстнн 406-статьясынын 4-пунктунда белгиленген жобо колдонулат.

6. Эгерде тараптар негизги келишимди түзүүгө тийиш болгон мөөнөт аяктаганга чейин ал түзүлбөсө же тараптардын бири экинчи тарапка бул келишимди түзүү сунушун жибербесе, алдын ала келишимде каралган шарттар токтотулат.

7. Ниеттер жөнүндө макулдашуу (ниеттер жөнүндө протокол ж.у.с.), эгерде анда ага алдын ала келишимдин күчүн берүүгө тараптардын түз эрки билдирилбесе, граждандык-укуктук натыйжага алып келбейт.

---

Мурунку берене: [387-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-387)  
Кийинки берене: [389-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-389)
