# 387-статья. Кошулуу келишими

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 387-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-387

---

1. Шарттары тараптардын бири аркылуу формулярларда же башка стандарттуу түрдө аныкталган жана сунуш кылынган келишимге башка тарап бүт бойдон кошулуусу менен гана кабыл алынуучу келишим кошулуу келишими катары таанылат.

2. Келишимге кошулган тарап, эгерде кошулуу келишими мыйзамдарга каршы келбесе да ал тарапты мындай келишимдерде адатта берилүүчү укуктардан ажыратса же бузулган милдеттенмелер үчүн экинчи тараптын жоопкерчилигин жокко чыгарып же чектеп койсо, болбосо кошулуучу тарап үчүн ачыктан-ачык кыйын шарттарды камтыса жана бул шарттарды ал тарап өзүнүн акыл-эстүү түшүнүлгөн таламдарынан келип чыкканда өзүндө келишимдин шарттарын аныктоого мүмкүнчүлүгү болуп туруп кабыл албай турган болсо, келишимди бузууну же өгөртүүнү талап кылууга укуктуу.

3. Ушул статьянын 2-пунктунда каралган шарттар болсо, эгерде келишимге кошулуучу тарап келишимди кандай шарттарда түзөөрүн билсе, же билүүгө тийиш болсо, өзүнүн ишкердигин жүзөгө ашырууга байланыштуу кошулган тараптын келишимди бузуу жөнүндөгү талабы канааттандырылбайт.

---

Мурунку берене: [386-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-386)  
Кийинки берене: [388-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-388)
