# 386-статья. Ачык келишим

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112561)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263359..1263361>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-386>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-386.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 386-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-386

---

1. Коммерциялык уюм тарабынан түзүлгөн жана товар сатуу, жумуш аткаруу же кызмат көрсөтүү боюнча ага ким кайрылса да өзүнүн ишинин мүнөзү боюнча ишке ашырууга тийиш болгон анын милдеттерин белгилөөчү (чекене соода, жалпы пайдалануудагы транспорт менен ташуу, байланыш кызматы, энергия менен камсыз кылуу, медициналык, мейманкана, банк жагынан тейлөө ж.б.у.с.) келишим ачык келишим катары таанылат.

Коммерциялык уюм мыйзамда каралгандан башка учурларда ачык келишимдин түзүлүшүнө карата бир жакка экинчи жактын алдында артыкчылык берүүгө укуксуз.

2. Товардын, жумуштун жана кызматтын баасы, ошондой эле ачык келишимдин башка шарттары мыйзамдарда керектөөчүлөрдүн айрым катмарлары үчүн жеңилдик бергенден башка учурларда, керектөөчүлөрдүн бардыгына бирдей белгиленет.

3. Коммерциялык уюмдун мүмкүнчүлүгү болуп туруп керектөөчүгө тийиштүү товарды (жумушту, кызмат көрсөтүүнү) берүүдөн баш тартышына жол берилбейт.

Коммерциялык уюм ачык келишимден жүйөөсүз негизде баш тарткан учурда, ушул Кодекстин 406-статьясынын 4-пунктунда каралган жоболор колдонулат.

4. Мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ачык келишим түзүүдө тараптар үчүн милдеттүү эрежелерди (типтүү келишимдерди, жоболорду ж.у.с.) басып чыгара алат.

5. Ушул статьянын 2- жана 4-пункттарында белгиленген талаптарга ылайык келбеген ачык келишим жокко эсе.

(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [385-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-385)  
Кийинки берене: [387-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-387)
