Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
386-статья. Ачык келишим
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 22-Глава
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86
1. Коммерциялык уюм тарабынан түзүлгөн жана товар сатуу, жумуш аткаруу же кызмат көрсөтүү боюнча ага ким кайрылса да өзүнүн ишинин мүнөзү боюнча ишке ашырууга тийиш болгон анын милдеттерин белгилөөчү (чекене соода, жалпы пайдалануудагы транспорт менен ташуу, байланыш кызматы, энергия менен камсыз кылуу, медициналык, мейманкана, банк жагынан тейлөө ж.б.у.с.) келишим ачык келишим катары таанылат.
Коммерциялык уюм мыйзамда каралгандан башка учурларда ачык келишимдин түзүлүшүнө карата бир жакка экинчи жактын алдында артыкчылык берүүгө укуксуз.
2. Товардын, жумуштун жана кызматтын баасы, ошондой эле ачык келишимдин башка шарттары мыйзамдарда керектөөчүлөрдүн айрым катмарлары үчүн жеңилдик бергенден башка учурларда, керектөөчүлөрдүн бардыгына бирдей белгиленет.
3. Коммерциялык уюмдун мүмкүнчүлүгү болуп туруп керектөөчүгө тийиштүү товарды (жумушту, кызмат көрсөтүүнү) берүүдөн баш тартышына жол берилбейт.
Коммерциялык уюм ачык келишимден жүйөөсүз негизде баш тарткан учурда, ушул Кодекстин 406-статьясынын 4-пунктунда каралган жоболор колдонулат.
4. Мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ачык келишим түзүүдө тараптар үчүн милдеттүү эрежелерди (типтүү келишимдерди, жоболорду ж.у.с.) басып чыгара алат.
5. Ушул статьянын 2- жана 4-пункттарында белгиленген талаптарга ылайык келбеген ачык келишим жокко эсе.
(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…колдонулат.
4. Мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети ачык келишим түзүүдө тараптар үчүн милдеттүү эрежелерди (типтүү … белгиленген талаптарга ылайык келбеген ачык келишим жокко эсе.
кошулду: (КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-386" title="386-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>