# 385-статья. Келишимдин күчүндө болушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-385>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-385.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 385-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-385

---

1. Келишим, ал түзүлгөн учурдан баштап (394-статья) күчүнө кирет жана тараптар үчүн милдеттүү болуп калат.

2. Тараптар алар тарабынан түзүлгөн келишимдин шарттары келишим түзүлгөнгө чейин пайда болгон өз ара мамилелерине жайылтылаарын белгилөөгө укуктуу.

3. Эгерде мыйзамда же келишимде ал келишимдин күчүндө болуу мөөнөтү каралса, бул мөөнөттүн аякташы тараптардын келишим боюнча милдеттенмелеринин аякташына алып келет.

Күчүндө болуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн келишим андагы тараптардын милдеттенмелеринин аткарылышынын аякташы аныкталган учурга чейин колдонулат.

4. Келишимдин колдонулушунун мөөнөтүнүн аякташы тараптарды ошол мөөнөт аяктаганга чейинки тартип бузуулар үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт.

---

Мурунку берене: [384-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-384)  
Кийинки берене: [386-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-386)
