# 384-статья. Акы төлөнүүчү жана төлөнбөй турган келишим

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 384-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-384

---

1. Тарап өз милдеттенмелерин аткаргандыгы үчүн акы же башка түрдөгү кайтарма берүүнү алуучу келишим акы төлөнүүчү келишим болуп саналат.

2. Бир тарап башка тарапка бир нерсени андан акы же башка түрдөгү кайтарма албай берүүгө милдеттенген келишим акы төлөнбөй турган келишим болуп саналат.

3. Эгерде мыйзамдардан, келишимдин мазмунунан же маңызынан башка келип чыкпаса, келишим акы төлөнө турган катары каралат.

---

Мурунку берене: [383-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-383)  
Кийинки берене: [385-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-385)
