# 382-статья. Келишим эркиндиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-382>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-382.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 382-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-382

---

1. Граждандар жана юридикалык жактар келишим түзүүгө эрктүү.

Ушул Кодексте, мыйзамда же ыктыярдуу кабыл алынган милдеттенмеде келишим түзүүгө милдеттүүлүк каралгандан башка учурларда мажбурлап келишим түзүүгө жол берилбейт.

2. Тараптар мыйзамдарда каралган да, каралбаган да келишимди түзө алышат.

3. Тараптар мыйзамдарда каралган ар түркүн келишимдердин элементтери камтылган келишимди (аралаш келишим) түзө алат. Эгерде тараптардын келишиминен же аралаш келишимдин маңызынан дагы башка келип чыкпаса, тараптардын аралаш келишим боюнча мамилелерине карата элементтери аралаш келишимде камтылган келишимдер жөнүндөгү мыйзамдар тийиштүү бөлүктөрүндө колдонулат.

4. Тийиштүү шарттын мазмуну мыйзамдарда жазылгандан (383-статья) тышкары учурларда келишимдин шарттары тараптардын кароосу боюнча аныкталат.

Келишимдин шарты мыйзамдарга ылайык колдонуудагы нормада каралган учурларда, эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача (диспозициялуу норма) белгиленбесе, анда тараптар өздөрүнүн макулдашуусу менен анын колдонулушун чыгарып салышат, же анда каралгандан айырмаланган шарт кое алышат. Мындай макулдашуу болбосо, келишимдин шарты диспозициялуу норма менен аныкталат.

5. Эгерде келишимдин шарты тараптар тарабынан же диспозициялуу норма менен аныкталбаса, тараптардын мамилелеринде колдонулуучу ишкердүү жүгүртүүнүн каада-салттары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [381-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-381)  
Кийинки берене: [383-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-383)
