# 378-статья. Мамлекеттик бийлик органынын актысынын негизинде милдеттенменин токтотулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-378>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-378.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 378-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-378

---

1. Эгерде мамлекеттик бийлик органынын же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын актысы (ачык актысы) чыккандан улам милдеттенмени толугу менен же жарым-жартылай аткарууга мүмкүн болбосо, милдеттенме толугу менен же анын тийиштүү бөлүгү токтотулат. Мунун натыйжасында зыян тарткан тарап ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте алардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде тараптардын макулдашуусунан же милдеттенменин маңызынан дагы башка нерсе келип чыкпаса жана аны аткаруу кредитор үчүн пайдалуу болсо, милдеттенменин токтотулушуна негиз болгон жарыялама акт белгиленген тартипте жараксыз катары таанылса, анда милдеттенме калыбына келет.

---

Мурунку берене: [377-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-377)  
Кийинки берене: [379-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-379)
