# 373-статья. Милдеттенменин зачет менен токтотулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-373>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-373.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 373-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-373

---

Милдеттенме ага теңдеш, мөөнөтү башталган же мөөнөтү көрсөтүлбөгөн, же талап кылынуучу учуру менен аныкталган каршы талап аркылуу толук же бир бөлүгүндө токтотулат. Төмөнкүдөй талаптардын зачетуна жол берилбейт:

1) эгерде башка тараптын талапка карата арызы боюнча доонун эскирүү мөөнөтү колдонулууга тийиш болсо жана бул мөөнөт аяктаса;

2) өмүргө жана ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө;

3) алиментти төлөтүү жөнүндө;

4) өмүр бою багуу жөнүндө;

5) мыйзамда же келишимде каралган башка учурларда.

Талап кабыл алынган учурда (316-статья) карызкор жаңы кредитордун талабына каршы биринчи кредиторго карата өзүнүн утурлама талабын зачет кылууга укуктуу. Зачет, эгерде талап карызкор тарабынан талапты кабыл алуу жөнүндө билдирүү алган учурга карата болуп турган негиздеме боюнча келип чыкса жана талаптын мөөнөтү билдирүү алынганга чейин башталса же бул мөөнөт көрсөтүлбөсө же талап кылынуучу учур менен аныкталса, эсептелинет.

---

Мурунку берене: [372-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-372)  
Кийинки берене: [374-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-374)
