373-статья. Милдеттенменин зачет менен токтотулушу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 21-Глава
Милдеттенме ага теңдеш, мөөнөтү башталган же мөөнөтү көрсөтүлбөгөн, же талап кылынуучу учуру менен аныкталган каршы талап аркылуу толук же бир бөлүгүндө токтотулат. Төмөнкүдөй талаптардын зачетуна жол берилбейт:
1) эгерде башка тараптын талапка карата арызы боюнча доонун эскирүү мөөнөтү колдонулууга тийиш болсо жана бул мөөнөт аяктаса;
2) өмүргө жана ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө;
3) алиментти төлөтүү жөнүндө;
4) өмүр бою багуу жөнүндө;
5) мыйзамда же келишимде каралган башка учурларда.
Талап кабыл алынган учурда (316-статья) карызкор жаңы кредитордун талабына каршы биринчи кредиторго карата өзүнүн утурлама талабын зачет кылууга укуктуу. Зачет, эгерде талап карызкор тарабынан талапты кабыл алуу жөнүндө билдирүү алган учурга карата болуп турган негиздеме боюнча келип чыкса жана талаптын мөөнөтү билдирүү алынганга чейин башталса же бул мөөнөт көрсөтүлбөсө же талап кылынуучу учур менен аныкталса, эсептелинет.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
373-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-373" title="373-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>