# 371-статья. Аткаруу менен милдеттенменин токтотулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 371-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-371

---

1. Тийиштүү аткаруу милдеттенмени токтотот.

2. Кредитор аткарууну кабыл алуу менен карызкордун талабы боюнча аткарууну толук же бир бөлүгүн кабыл алгандыгы жөнүндө тил кат берүүгө милдеттүү.

Эгерде карызкор милдеттенмесин күбөлөндүрүү иретинде карыз документин берсе, анда кредитор аткарууну кабыл алуу менен бул документти кайтарып берүүгө, ал эми кайтарып берүүгө мүмкүн болбосо, берилип жаткан тил катта бул тууралу көрсөтүүгө тийиш. Тил катты кайтарылып берилүүчү карыз документиндеги жазуу менен алмаштырууга болот. Иш башкача экендиги далилденгенге чейин карыз документинин карызкордо болушу милдеттенменин токтотулушун күбөлөндүрөт. Кредитор тил кат берүүдөн, карыз документин кайтарып берүүдөн же аны кайтарып берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө тил катка белгилөөдөн баш тартканда, карызкор аткарууну токтотуп турууга укуктуу. Мындай учурда кредитор мөөнөтүн өткөрүп жиберген болуп саналат.

---

Мурунку берене: [370-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-370)  
Кийинки берене: [372-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-372)
