# 37-статья. Баалуу кагаз

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 37-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-37

---

1. Белгиленген форманы жана милдеттүү реквизиттерди сактоо менен күбөлөндүргөн документ же укуктарды мыйзамда белгиленген ыкмалар менен белгилөө баалуу кагаз болуп эсептелет.

Баалуу кагазды өткөрүп берүү менен ал тарабынан күбөлөндүрүлгөн укуктар чогуусу менен өтөт.

2. Баалуу кагаздар менен күбөлөндүрүлүүчү укуктардын түрлөрү, баалуу кагаздардын милдеттүү реквизиттери, баалуу кагаздын формасына карата талаптар жана башка зарыл талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамы же алар белгилеген тартипте аныкталат.

Баалуу кагаздын милдеттүү реквизиттеринин жок болушу же баалуу кагаздын ал үчүн белгиленген формага ылайык келбеши анын жараксыз болушуна алып келет.

3. Мыйзамда каралган учурда баалуу кагаз тарабынан күбөлөндүрүлгөн укуктарды жүзөгө ашыруу жана өткөрүп берүү үчүн аларды баалуу кагазды өзүнүн атынан чыгарууну жүзөгө ашырган жана анда билдирилген милдеттенмелер боюнча жоопкерчиликте болгон эмитенттин-адамдын атайын реестринде бекемделген (кадимки же компьютердик) далилдер жетиштүү болот.

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-38)
