# 365-статья. Милдеттенме боюнча жоопкерчиликтин өлчөмүн чектөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 20-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-365.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 365-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-365

---

1. Милдеттенмелердин айрым түрлөрү жана белгилүү бир ишкердик түрүнө байланышкан милдеттенмелер боюнча мыйзам тарабынан тарткан зыяндардын ордун толугу менен толтуруп берүү укугу (чектелген жоопкерчилик) чектелиши мүмкүн.

2. Керектөөчү катары чыккан граждан кредитор болуп эсептелүүчү кошулуу келишими же башкача түрдөгү келишим боюнча карызкордун жоопкерчилигин чектөө жөнүндөгү макулдашуу, эгерде мындай түрдөгү милдеттенме же мындай бузуулар үчүн жоопкерчилик өлчөмү мыйзам тарабынан белгиленсе жана эгерде макулдашуу милдеттенменин аткарылбагандыгы же тийиштүү аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчиликке алып келүүчү кырдаал болгонго чейин түзүлсө, жокко эсе.

---

Мурунку берене: [364-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-364)  
Кийинки берене: [366-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-366)
