# 364-статья. Субсидиардык жоопкерчилик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 20-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-364>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-364.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 364-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-364

---

1. Мыйзамга же милдеттенменин шартына ылайык негизги карызкор болгон башка жактын жоопкерчилигине кошумча жоопкерчиликти көтөргөн (субсидиардык жоопкерчилик) карызкорго талап коюудан мурда кредитор негизги карызкорго талап коюуга тийиш.

Эгерде негизги карызкор кредитордун талабын канааттандыруудан баш тартса же канааттандыруудан четтесе, бул талап субсидиардык жоопкерчиликти көтөргөн жакка коюлушу мүмкүн.

2. Эгерде бул талап негизги карызкорго утурлама талапты кошуп эсептөө же негизги карызкордун эсебинен каражаттарды талашсыз өндүрүп алуу жолу менен канааттандырылышы мүмкүн болсо, кредитор негизги карызкорго карата өз талабын субсидиардык жоопкерчиликти тарткан жактан канааттандырууну талап кылууга укуксуз.

3. Эгерде мыйзамда же келишимде башкасы каралбаса, субсидиардык жоопкерчиликти көтөргөн жак негизги карызкорго талап коюуга укуктуу.

4. Субсидиардык жоопкерчиликти көтөргөн жак ага кредитор койгон талапты канааттандырганга чейин бул жөнүндө негизги карызкорго билдирүүгө, эгерде мындай жакка доо коюлган болсо - негизги карызкорду ишке катышууга тартууга тийииш.

Андай болбогон учурда негизги карызкор субсидиардык жоопкерчиликти көтөргөн жактын регресстик талабына каршы ал кредиторго каршы пикирин коюуга укуктуу.

---

Мурунку берене: [363-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-363)  
Кийинки берене: [365-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-365)
