# 363-статья. Айрым белгилүү бир буюмду өткөрүп берүү милдеттенмесинин аткарылбагандыгынын натыйжасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 20-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-363>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-363.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 363-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-363

---

Айрым белгилүү бир буюмду кредитордун менчигине, чарба жүргүзүүсүнө, же утурумдук башкаруусуна, же акысын төлөө менен пайдалануусуна өткөрүп берүү милдеттенмеси аткарылбаган учурда кредитор бул буюмдун карызкордон алынышын жана милдеттенмеде белгиленген шартта өзүнө берилишин талап кылууга укуктуу. Эгерде ал буюм менчиктөө, чарба жүргүзүү же утурумдук башкаруу укугуна ээ болгон башка жакка берилип коюлган болсо, бул укук жокко чыгат. Эгерде буюм өткөрүп бериле элек болсо, анын пайдасына милдеттенмеси мурдараак пайда болгон кредитор, ал эми муну аныктоо мүмкүн болбосо, анда доону мурда койгон кредитор артыкчылыкка ээ болот. Милдеттенменин предмети болгон буюмдун ага берилишин талап кылуунун ордуна кредитор тарткан зыяндарынын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [362-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-362)  
Кийинки берене: [364-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-364)
