363-статья. Айрым белгилүү бир буюмду өткөрүп берүү милдеттенмесинин аткарылбагандыгынын натыйжасы
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 20-Глава
Айрым белгилүү бир буюмду кредитордун менчигине, чарба жүргүзүүсүнө, же утурумдук башкаруусуна, же акысын төлөө менен пайдалануусуна өткөрүп берүү милдеттенмеси аткарылбаган учурда кредитор бул буюмдун карызкордон алынышын жана милдеттенмеде белгиленген шартта өзүнө берилишин талап кылууга укуктуу. Эгерде ал буюм менчиктөө, чарба жүргүзүү же утурумдук башкаруу укугуна ээ болгон башка жакка берилип коюлган болсо, бул укук жокко чыгат. Эгерде буюм өткөрүп бериле элек болсо, анын пайдасына милдеттенмеси мурдараак пайда болгон кредитор, ал эми муну аныктоо мүмкүн болбосо, анда доону мурда койгон кредитор артыкчылыкка ээ болот. Милдеттенменин предмети болгон буюмдун ага берилишин талап кылуунун ордуна кредитор тарткан зыяндарынын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
363-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-363" title="363-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>