# 360-статья. Акчалай милдеттенменин аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 20-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-360>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-360.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 360-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-360

---

1. Бөтөн бирөөнүн акча каражаттарын төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн, укукка жат түрдө кармоонун, аны кайтарып берүүнүн же негизсиз алуунун же башка жактын эсебинен сактоонун натыйжасында бөтөн акча каражаттарын пайдалангандыгы үчүн ошол каражаттын суммасына карата процент төлөнүүгө тийиш.

Проценттин өлчөмү акчалай милдеттенме же анын бир бөлүгү аткарылган күнгө карата кредитор жашаган жерде, эгерде кредитор юридикалык жак болсо - ал жайгашкан жерде колдонулуучу банк процентинин эсептик ставкасы же анын тийиштүү бөлүгү менен аныкталат. Карыз сот аркылуу төлөтүлүп алынып жаткан учурда сот доо коюлган же чечим чыгарылган күнгө карата колдонулуучу банк процентинин эсептик ставкасынан келип чыгуу менен кредитордун талабын канааттандырышы мүмкүн. Эгерде мыйзамда же келишимде проценттин башка өлчөмү каралбаса, көрсөтүлгөн эрежелер колдонулат.

2. Эгерде кредитордун акчалай каражатын укуксуз пайдалангандыктан ага келтирилген зыян ушул статьянын 1-пунктунун негизинде ага төлөнүп берилүүчү проценттин суммасынан ашык болсо, анда ал карызкордон тарткан зыяндарынын ушул суммадан ашкан бөлүгүн төлөтүп алууну талап кылууга укуктуу.

3. Ээлик кылуу ишкердигине байланыштуу акчалай милдеттенме боюнча башка бирөөнүн акчалай каражатын укуксуз пайдалангандык үчүн ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн суммалардын үстүнө төлөө мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген суммадан тышкары жылдык беш процент өлчөмүндөгү айып акы, эгерде келишимде айыптын андан жогорураак проценти белгиленбесе, алынат.

4. Башка бирөөнүн акчалай каражатын укуксуз пайдалангандык үчүн проценттер бул каражаттардын суммасын кредиторго төлөп берген күнгө чейин, эгерде мыйзамда же келишимде процентти эсептөөнүн мындан кыскараак мөөнөтү белгиленбесе, төлөтүлүп алынат.

---

Мурунку берене: [359-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-359)  
Кийинки берене: [361-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-361)
