# 359-статья. Зыяндар жана неустойка

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 20-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-359>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-359.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 359-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-359

---

1. Эгерде милдеттенменин аткарылбагандыгы же тийиштүү аткарылбагандыгы үчүн айып төлөм белгиленсе, анда келтирилген зыяндын айып төлөм менен тындырылбаган бөлүгүнүн орду толтурулуп берилет.

Мыйзамда же келишимде төмөнкү учурлар каралышы мүмкүн: келтирилген зыянды эмес, айып төлөмдү гана төлөтүп алууга жол берилген учур; келтирилген зыянды толук өлчөмүндө айып төлөмдөн тышкары төлөтүп алуу; кредитордун каалоосу боюнча же айып төлөмдү же келтирилген зыянды төлөтүп алуу.

2. Милдеттенменин аткарылбагандыгы же тийиштүү түрдө аткарылбагандыгы үчүн чектелген жоопкерчилик белгиленген учурларда (364-статья) келтирилген зыяндын орду айып төлөм менен, же анын үстүнө, же анын ордуна толтурулуп берилүүчү бөлүгү мындай чектөө менен белгиленген чектерге чейин төлөтүлүп алынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [358-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-358)  
Кийинки берене: [360-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-360)
