# 357-статья. Эки тараптын күнөөсүнөн улам милдеттенмени бузуунун натыйжасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 20-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-357>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-357.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 357-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-357

---

1. Эгерде милдеттенменин аткарылбай же тийиштүү түрдө аткарылбай калышы эки тараптын тең күнөөсү болсо, сот тиешелүү түрдө карызкордун жоопкерчилик өлчөмүн азайтат. Эгерде кредитор атайын же байкабастыктан милдеттенменин аткарылбагандыгы же тийиштүү түрдө аткарылбагандыгы менен тартылган зыяндын өлчөмүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзгөн болсо же анын өлчөмүнүн азайышы үчүн ылайыктуу чара көрбөсө, анда сот карызкордун жоопкерчилик өлчөмүн азайтып коюуга да укуктуу.

2. Карызкор, күнөөсүнө карабастан милдеттенменин аткарылбагандыгы же тийиштүү аткарылбагандыгы үчүн мыйзамга же келишимге жараша жоопкерчиликти көтөргөн учурда да ушул статьянын 1-пунктунун эрежелери тийиштүү түрдө колдонулат.

---

Мурунку берене: [356-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-356)  
Кийинки берене: [358-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-358)
