# 355-статья. Насыя менен камсыздалган милдеттенменин токтотулушунун жана аткарылбагандыгынын натыйжасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 355-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-355

---

1. Тараптардын макулдугу менен же аткаруу мүмкүн болбогондугунан улам милдеттенменин аткарылышы баштала электе токтотулган учурда насыя кайтарып берилүүгө тийиш.

2. Эгерде келишимдин аткарылбагандыгы үчүн насыя берген тарап жоопкер болсо, анда ал экинчи тарапта кала берет. Эгерде келишимдин аткарылбагандыгы үчүн насыяны алган тарап жоопкер болсо, анда ал тарап экинчи тарапка насыянын эки эселенген суммасын төлөп берүүгө милдеттүү.

Мындан тышкары, келишимдин аткарылбагандыгы үчүн жоопкер тарап, келишимде башка белгиленбегендиктен, экинчи тарапка насыянын суммасын эсепке кошуу менен анын тарткан зыяндарынын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [354-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-354)  
Кийинки берене: [356-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-356)
