# 354-статья. Насыянын түшүнүгү. Насыя жөнүндөгү келишимдин формасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-354>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-354.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 354-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-354

---

1. Насыя деп келишим түзүп жаткан тараптардын бири келишим түзүлгөндүгүнүн далили катары жана анын аткарылышын камсыз кылуу үчүн келишим боюнча өзүнүн төлөмдөрүнүн эсебинен экинчи тарапка берүүчү акчалай сумма эсептелет.

2. Насыянын суммасына карабастан насыя жөнүндөгү макулдашуу жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

3. Тараптын келишим боюнча төлөмдөрүнүн эсебинен төлөнгөн сумма насыя катары эсептеле тургандыгы, атап айтканда, ушул статьянын 2-пунктунун эрежесинин сакталбагандыгынын натыйжасында күмөн туудурган учурда, эгерде башка далилденбесе, бул сумма аванс катары төлөндү деп эсептелинет.

---

Мурунку берене: [353-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-353)  
Кийинки берене: [355-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-355)
