# 351-статья. Банк гарантиясы боюнча талаптын коюлушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-351.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 351-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-351

---

1. Кредитордун банк гарантиясы боюнча акчалай сумманы төлөп берүү жөнүндөгү талабы гарантияда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен гарантка кат жүзүндө билдирилүүгө тийиш. Талапта же анын тиркемесинде камсыз кылынышы үчүн гарантия берилген негизги милдеттенме өзүнүн өтүнүчү боюнча гарантия берилген жак тарабынан кандайча бузулгандыгы жөнүндө кредиторго көрсөтүүгө тийиш.

2. Кредитордун талабы гарантка берилген гарантияда аныкталган мөөнөт аяктаганга чейин берилүүгө тийиш.

3. Кредитордун талабын алгандан кийин гарант кечиктирбестен гарантия берилген жакка бул жөнүндө билдирүүгө жана ага талаптын көчүрмөсүн ага тиешелүү бардык документтери менен кошо жиберүүгө тийиш.

4. Гарант кредитордун талабын ага тиркелген документтери менен кошо ылайыктуу мөөнөттө карап көрүүгө жана бул талаптын жана анын тиркемелеринин гарантия шартына туура келишин аныктоо үчүн жүйөлүү кам көрүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [350-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-350)  
Кийинки берене: [352-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-352)
