# 35-статья. Акча (валюта)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 апреля 2025 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового статуса в Кыргызской Республике национальной цифровой валюты - цифрового сома"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026954)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.04.2025 [Закон КР от 29 апреля 2025 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового статуса в Кыргызской Республике национальной цифровой валюты - цифрового сома"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026954); 11.04.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112561); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=28696..32042>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 35-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-35

---

1. Кыргыз Республикасында улуттук акча бирдиги сом болуп эсептелет.

2. Сом мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көрсөтүлгөн наркы боюнча милдеттүү түрдө кабыл алынат.

Төлөмдөр Кыргыз Республикасынын аймагында накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр (анын ичинде санарип сом менен эсептешүүлөр) түрүндө жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк валюта менен эсептешүүнүн учурлары, тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен аныкталат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 ,2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 ) Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-36)
