# 346-статья. Милдеттенмени аткаруучу кепилдин укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-346>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-346.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 346-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-346

---

1. Милдеттенмени аткарган кепилге кредитордун бул милдеттенме боюнча бардык укуктары өтөт. Кепил карызкордон кредиторго төлөнүп берилген суммага проценттерди төлөп беришин жана карызкор үчүн жоопкерчиликке байланыштуу тарткан башка чыгымдарынын ордун толтурууну да талап кылууга укуктуу.

2. Кепил тарабынан милдеттенме аткарылгандан кийин кредитор кепилге карызкорго карата талаптарды күбөлөндүрүүчү документтерди тапшырууга жана бул талапты камсыз кылуучу укуктарды өткөрүп берүүгө милдеттүү.

3. Эгерде мыйзамдар же кепил менен карызкордун ортосундагы келишим тарабынан башкача каралбаса жана алардын мамилелеринен башка келип чыкпаса, ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында белгиленген эрежелер колдонулат.

---

Мурунку берене: [345-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-345)  
Кийинки берене: [347-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-347)
