# 345-статья. Кепилдин кредитордун талабына каршы чыгуу укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-345.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 345-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-345

---

1. Эгерде кепилдик келишимден башкача келип чыкпаса, кепил кредитордун талабына карата карызкор тарабынан келтирилиши мүмкүн болгон каршы чыгууну билдирүүгө укуктуу. Карызкор алардан баш тарткан же өз карызын тааныган учурда да кепил бул каршы чыгууларга укугун жоготпойт.

2. Кепил кредитордун талабын канааттандырганга чейин бул жөнүндө карызкорго билдирүүгө, ал эми кепилге доо коюлса - карызкорду ишке катышууга тартууга милдеттүү.

3. Эгерде кепил бул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарбаса, карызкор кепилдин регресстик талабына каршы өзүнүн кредиторго каршы пикирин билдирүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [344-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-344)  
Кийинки берене: [346-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-346)
