# 342-статья. Кармап калуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-342>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-342.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 342-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-342

---

1. Карызкорго же карызкор тарабынан көрсөтүлгөн башка жакка берилүүгө тийиш буюмду кармаган кредитор, карызкор бул буюмду төлөп берүү же бул буюм менен байланышкан кемип калууларды жана чыгымдарды кредиторго ордун толтуруу боюнча өз милдеттенмесин мөөнөтүндө аткарбаган учурда, аны тиешелүү милдеттенме аткарылмайынча кармап турууга укуктуу.

2. Буюмдун баасын төлөп берүү же ага чыгымдардын ордун толтуруу менен байланышпаган, бирок эки тарап катышкан милдеттенмелерден келип чыккан талаптарды камсыз кылуу үчүн да кармап калуу укугу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

3. Мүлктү кармап калууну жүзөгө ашырган кредитордун талаптары күрөө менен камсыздалган талаптарды канааттандыруу үчүн каралган көлөмдө жана тартипте канааттандырылат.

4. Эгерде келишим тарабынан башкача каралбаса, бул статьяда каралган эрежелер колдонулат.

§ 4. Кепилдик (гарантия)

---

Мурунку берене: [341-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-341)  
Кийинки берене: [343-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-343)
