341-статья. Ломбарддагы буюмдардын күрөөсү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 19-Глава
341-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 341-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Кыска мөөнөттөгү кредиттерди камсыз кылуу үчүн өздүк керектөөгө арналган кыймылдуу мүлктү граждандардан күрөөгө кабыл алуу буга лицензияcы бар адистештирилген уюмдар - ломбарддар тарабынан ээлик кылуу ишкердик катары жүэөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Ломбарддагы буюмдардын күрөөсү жөнүндөгү келишим ломбард тарабынан күрөө билетин берүү аркылуу түзүлөт.
3. Күрөөгө коюлуп жаткан буюмдар ломбардга өткөрүп берилет.
Ломбард өз эсебинен буюмдарды күрөөгө кабыл алынган буюмдарды демейде соодада мындай түрдөгү жана сапаттагы бааларына ылайык белгиленүүчү аларды баалоонун толук суммасы менен күрөө берүүчүнүн пайдасына камсыздандырууга милдеттүү. Ломбард күрөөгө коюлган буюмдарды пайдаланууга жана тескөөгө укуксуз.
4. Ломбард, эгерде жоголуп кетүү же бузулуу бөгөт коюуга мүмкүн болбогон күчтөрдүн натыйжасында болгондугун далилдей албаса, күрөөгө коюлган буюмдардын жоголуп кетиши же бузулушу үчүн жоопкерчилик тартат.
5. Ломбарддагы буюм күрөөсү менен камсыз кылынган кредиттин суммасы белгиленген мөөнөттө кайтарылбаган учурда, ломбард жеңилдетилген бир айлык мөөнөт өткөндөн кийин нотариустун аткаруу жазуусунун негизинде бул буюмду күрөөгө коюлган мүлктү сатуу үчүн белгиленген тартипте сатууга укуктуу. Мына ушундан кийин ломбарддын карызкор - күрөө берүүчүгө карата талаптары, күрөөгө коюлган мүлктү сатып жиберүүдөн алынган сумма аны толугу менен канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо да тындырылат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
341-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-341" title="341-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>