# 340-статья. Жүгүртүүдөгү товарлардын күрөөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-340>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-340.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 340-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-340

---

1. Товарлар күрөө берүүчүдө калтырылып, ага күрөөнү калтыруу менен товарлардын курамын жана натуралай формасын (товар запастарын, чийки заттарды, материалдарды, чала иштелген продукцияны, даяр продукцияны ж.б.), алардын жалпы наркы күрөө келишиминде көрсөтүлгөндөн азайбай турган шартта, өзгөртүү укугунун берилиши менен болгон товар күрөөсү жүгүртүүдөгү товардын күрөөсү деп таанылат.

Эгерде келишимде башкача каралбаса, жүгүртүүдөгү күрөөгө коюлган товарлардын наркын азайтууга күрөө менен камсыздалган милдеттенменин аткарылган бөлүгүнө шайкеш келген өлчөмдө жол берилет.

2. Күрөө берүүчүдөн ажыратылган жүгүртүүдөгү товарлар сатып алуучунун менчигине, чарба жүргүзүүсүнө же оперативдүү башкаруусуна өткөн учурдан тартып күрөө предмети болбой калат, ал эми күрөө жөнүндөгү келишимде көрсөтүлгөн жана күрөө берүүчү сатып алган товарлар күрөө берүүчүнүн ал мүлккө менчик же чарба жүргүзүү укугу пайда болгон учурдан тартып күрөө предмети болуп калат.

---

Мурунку берене: [339-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-339)  
Кийинки берене: [341-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-341)
