# 337-статья. Күрөө менен камсыз кылынган милдеттенменин мөөнөтүнөн мурда аткарылышы жана күрөөгө коюлган мүлктүн өндүрүп алынышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 февраля 2007 года № 28 "О внесении дополнения и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202062)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263302..1263303>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-337>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-337.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 337-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-337

---

Күрөө кармоочу күрөө менен камсыз кылынган милдеттенменин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга, эгерде өзүнүн талабы аткарылбаса төмөнкүдөй учурларда күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алууга укуктуу:

1) күрөө берүүчү күрөө предметин тескөө жөнүндөгү эрежелерди бузса же күрөө предмети күрөө берүүчүнүн карамагынан чыгып калса;

2) күрөө предметин алмаштыруу же калыбына келтирүү жөнүндө эрежелер күрөө берүүчү тарабынан бузулса;

3) күрөө предмети күрөө берүүчү жооп бербей турган жагдайлар боюнча жоголгондо, эгерде күрөө берүүчү күрөө предметин алмаштыруу же калыбына келтирүү укугунан пайдаланбаса;

4) кийинки күрөө жөнүндөгү эрежелер күрөө берүүчү тарабынан бузулса;

5) күрөө предметин кармоо жана сактоо боюнча милдеттенмелер күрөө берүүчү тарабынан бузулса;

6) күрөө предметине үчүнчү жактардын укугу жөнүндө күрөө кармоочуну эскертип коюу боюнча милдеттенмелер күрөө берүүчү тарабынан бузулса;

7) мыйзамда же күрөө жөнүндө келишимде каралган дагы башка учурларда.

(КР 2007-жылдын 28-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [336-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-336)  
Кийинки берене: [338-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-338)
