# 332-статья. Күрөө предметин пайдалануу жана аны тескөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.07.2016 [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396); 30.03.2009 [Закон КР от 30 марта 2009 года № 96 "О внесении изменений и дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203129)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263338..1263340>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-332>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-332.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 332-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-332

---

1. Эгерде келишимде башка каралбаса жана ал күрөө маңызынан келип чыкпаса, күрөө берүүчү күрөө предметин анын арналышына ылайык пайдаланууга, анын ичинде анын үзүрүн көрүүгө жана андан киреше алууга укуктуу, эгерде күрөөгө коюучу менен күрөө кармоочунун ортосундагы келишимде башкача каралбаса, аларга карата да күрөө укугу колдонулат.

2. Эгерде келишимде башка каралбаса жана ал күрөө маңызынан келип чыкпаса, күрөө берүүчүнүн күрөө предметин башка жактын менчигине, чарба жүргүзүүсүнө же оперативдүү башкаруусуна өзүнөн ажыратууга, ижарага же акысыз пайдаланууга берүүгө же башкача түрдө тескөөгө күрөө алуучунун макулдугу менен гана укуктуу.

Күрөө берүүчүнүн күрөөгө коюлган мүлктү мурастоого карата укугун чектеген макулдашуу жокко эсе.

3. Күрөө алуучу пайдалануу жөнүндө күрөө берүүчүгө үзгүлтүксүз отчет берүү менен ага берилген күрөө предметин келишим тарабынан каралган учурларда гана пайдаланууга укуктуу. Келишим боюнча негизги милдеттенмени орундатуу максатында же күрөө берүүчүнүн кызыкчылыгында күрөө затынан үзүр жана киреше алуу милдети күрөө алуучуга жүктөлүшү мүмкүн.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 96, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [331-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-331)  
Кийинки берене: [333-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-333)
