# 331-статья. Күрөөгө коюлган мүлктүн жоголуп кетишинин же бузулушунун натыйжасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.07.2016 [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396); 30.03.2009 [Закон КР от 30 марта 2009 года № 96 "О внесении изменений и дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203129); 28.02.2007 [Закон КР от 28 февраля 2007 года № 28 "О внесении дополнения и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202062); 21.07.1999 [Закон КР от 21 июля 1999 года № 83 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263338..1263340>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-331>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-331.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 331-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-331

---

1. Күрөө берүүчү, эгерде күрөө жөнүндө келишимде башкача белгиленбесе, күрөөгө коюлган мүлктүн жок болуп же бузулуп калуу кокустугун тобекелге салат.

2. Күрөө алуучу, эгерде ага берилген күрөө предмети үчүн жоопкерчиликтен ушул Кодекстин 356-статьясына ылайык бошотулушу мүмкүн экендигин далилдебесе, ал мүлктүн толугу менен же жарым-жартылай жоголушу же бузулушу үчүн жооп берет.

Күрөө кармоочу күрөө предметин жоготкону үчүн анын базар наркындагы өлчөмү менен жооп берет, ал эми аны бузганы үчүн күрөөгө коюлган мүлктү күрөөгө коюлган мүлктүн бузулгандан кийинки азайган базар наркын, күрөөгө коюлуп жаткан учурдагы мүлктүн базар наркына салыштырмалуу өлчөмдө төлөп берет. Эгерде бузулуунун натыйжасында күрөө предметин анын түздөн-түз арналышына карай пайдалануу мүмкүн болбой калса, анда күрөө берүүчү андан баш тартууга жана анын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу. Келишимде күрөө алуучунун күрөө предметинин жоголушуна же бузулушуна байланыштуу тарткан башка зыяндарын да күрөө берүүчүгө төлөп берүү милдеттенмеси белгилениши мүмкүн. Күрөө менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча карызкор күрөөгө коюлган предметтин жоголушуна же бузулушуна байланыштуу чыгашаларынын ордун толтуруп берүү боюнча күрөө алуучуга карата талаптарын өзүнүн күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелерин тындыруу үчүн эсептеп коюуга укуктуу.

3. Эгерде келишимде башкача каралбаса, күрөө предметин күрөө алуучунун макулдугу менен гана алмаштырууга жол берилет.

Эгерде күрөө предмети жок болуп кетсе же бузулуп калса, же болбосо аны менчиктөө же чарбалык ээлик кылуу укугу мыйзам тарабынан белгиленген негиздер боюнча токтотулса, эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса күрөө берүүчү ылайыктуу мөөнөттө күрөө предметин калыбына келтирүүгө же аны бирдей баадагы башка мүлк менен алмаштырууга укуктуу. (КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 2007-жылдын 28-февралындагы № 28, 2009-жылдын 30-мартындагы № 96, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [330-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-330)  
Кийинки берене: [332-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-332)
