Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
331-статья. Күрөөгө коюлган мүлктүн жоголуп кетишинин же бузулушунун натыйжасы
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 19-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 июля 2016 года № 117
1. Күрөө берүүчү, эгерде күрөө жөнүндө келишимде башкача белгиленбесе, күрөөгө коюлган мүлктүн жок болуп же бузулуп калуу кокустугун тобекелге салат.
2. Күрөө алуучу, эгерде ага берилген күрөө предмети үчүн жоопкерчиликтен ушул Кодекстин 356-статьясына ылайык бошотулушу мүмкүн экендигин далилдебесе, ал мүлктүн толугу менен же жарым-жартылай жоголушу же бузулушу үчүн жооп берет.
Күрөө кармоочу күрөө предметин жоготкону үчүн анын базар наркындагы өлчөмү менен жооп берет, ал эми аны бузганы үчүн күрөөгө коюлган мүлктү күрөөгө коюлган мүлктүн бузулгандан кийинки азайган базар наркын, күрөөгө коюлуп жаткан учурдагы мүлктүн базар наркына салыштырмалуу өлчөмдө төлөп берет. Эгерде бузулуунун натыйжасында күрөө предметин анын түздөн-түз арналышына карай пайдалануу мүмкүн болбой калса, анда күрөө берүүчү андан баш тартууга жана анын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу. Келишимде күрөө алуучунун күрөө предметинин жоголушуна же бузулушуна байланыштуу тарткан башка зыяндарын да күрөө берүүчүгө төлөп берүү милдеттенмеси белгилениши мүмкүн. Күрөө менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча карызкор күрөөгө коюлган предметтин жоголушуна же бузулушуна байланыштуу чыгашаларынын ордун толтуруп берүү боюнча күрөө алуучуга карата талаптарын өзүнүн күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелерин тындыруу үчүн эсептеп коюуга укуктуу.
3. Эгерде келишимде башкача каралбаса, күрөө предметин күрөө алуучунун макулдугу менен гана алмаштырууга жол берилет.
Эгерде күрөө предмети жок болуп кетсе же бузулуп калса, же болбосо аны менчиктөө же чарбалык ээлик кылуу укугу мыйзам тарабынан белгиленген негиздер боюнча токтотулса, эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса күрөө берүүчү ылайыктуу мөөнөттө күрөө предметин калыбына келтирүүгө же аны бирдей баадагы башка мүлк менен алмаштырууга укуктуу. (КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 2007-жылдын 28-февралындагы № 28, 2009-жылдын 30-мартындагы № 96, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 марта 2009 года № 96 "О внесении изменений и дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 февраля 2007 года № 28 "О внесении дополнения и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 июля 1999 года № 83 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
15.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…милдеттенмелерин тындыруу үчүн эсептеп коюуга укуктуу.
3. Эгерде алынып салынды: мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, күрөө предметин күрөө алуучунун … же аны бирдей баадагы башка мүлк менен алмаштырууга укуктуу.
алынып салынды: (Кыргыз Республикасынын кошулду: (КР 1999-жылдын 21-июлундагы № алынып салынды: 83 Мыйзамынын, кошулду: 83, 2007-жылдын 28-февралындагы № 28, 2009-жылдын 30-мартындагы № алынып салынды: 96 кошулду: 96, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)алынып салынды: 331-статья. Күрөөгө коюлган мүлктүн жоголуп кетишинин же бузулушунун натыйжасы
1. Күрөө берүүчү, эгерде күрөө жөнүндө келишимде башкача белгиленбесе, күрөөгө коюлган мүлктүн жок болуп же бузулуп калуу кокустугун тобекелге салат.
2. Күрөө алуучу, эгерде ага берилген күрөө предмети үчүн жоопкерчиликтен ушул Кодекстин 356-статьясына ылайык бошотулушу мүмкүн экендигин далилдебесе, ал мүлктүн толугу менен же жарым-жартылай жоголушу же бузулушу үчүн жооп берет.
Күрөө алуучу күрөө предметинин жоголуп кетиши үчүн анын анык наркынын өлчөмүндө, ал эми бузулушу үчүн - күрөө алуучуга берилип жаткан учурда күрөө предмети кандай суммага баалангандыгына карабастан, ал нарк суммасы канчага төмөндөсө ошончо суммадагы жоопкерчиликти көтөрөт.
Эгерде бузулуунун натыйжасында күрөө предметин анын түздөн-түз арналышына карай пайдалануу мүмкүн болбой калса, анда күрөө берүүчү андан баш тартууга жана анын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.
Келишимде күрөө алуучунун күрөө предметинин жоголушуна же бузулушуна байланыштуу тарткан башка зыяндарын да күрөө берүүчүгө төлөп берүү милдеттенмеси белгилениши мүмкүн.
Күрөө менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча карызкор күрөөгө коюлган предметтин жоголушуна же бузулушуна байланыштуу чыгашаларынын ордун толтуруп берүү боюнча күрөө алуучуга карата талаптарын өзүнүн күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелерин тындыруу үчүн эсептеп коюуга укуктуу.
3. Күрөө предметин күрөө алуучунун макулдугу менен гана алмаштырууга жол берилет.
Эгерде күрөө предмети жок болуп кетсе же бузулуп калса, же болбосо аны менчиктөө же чарбалык ээлик кылуу укугу мыйзам тарабынан белгиленген негиздер боюнча токтотулса, күрөө берүүчү ылайыктуу мөөнөттө күрөө предметин калыбына келтирүүгө же аны бирдей баадагы башка мүлк менен алмаштырууга укуктуу.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-331" title="331-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>