# 330-статья. Күрөөгө коюлган мүлктү күтүү жана анын сакталышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.07.2016 [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396); 21.07.1999 [Закон КР от 21 июля 1999 года № 83 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263338..1263340>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-330>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-330.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 330-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-330

---

1. Эгерде келишимде башка белгиленбесе, күрөөгө коюлган мүлк кимисинде болсо ошол күрөө берүүчү же күрөө алуучу:

1) күрөө берүүчүнүн эсебинен күрөөгө коюлган мүлктү анын толук наркында жоголуп кетүү же бузулуу учурунда тобокелге салууну камсыздандырууга, ал эми мүлктүн толук наркы күрөө менен камсыз кылынган талаптын өлчөмүнөн чоң болсо, анда - талаптын өлчөмүнөн кем болбогон суммага камсыздандырууга;

2) күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышын камсыз кылуу үчүн, анын ичинде үчүнчү жактардын кийлигишүүсүнөн жана талаптарынан коргоо үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө;

3) күрөөгө коюлган мүлктүн жоголуп кетүү же бузулуу коркунучу пайда болгон учурда кечиктирбестен экинчи тарапка билдирүүгө милдеттүү болот.

2. Күрөө алуучу жана күрөө берүүчү экинчи тараптын колундагы күрөөгө коюлган мүлктүн бар экендигин, өлчөмүн, абалын жана сактоо шарттарын документ боюнча жана иш жүзүндө текшерүүгө укуктуу.

3. Тараптардын бири ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди күрөөгө коюлган мүлк жоголуп кеткидей же бузулгудай кылып одоно бузган учурда, экинчи тарап күрөө менен камсыз кылынган жана/же милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткаруунукүрөөнү мөөнөтүнөн мурда токтотууну талап кылууга укуктуу.

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [329-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-329)  
Кийинки берене: [331-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-331)
