# 329-статья. Кийинки күрөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 марта 2021 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О залоге", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112201)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.03.2021 [Закон КР от 24 марта 2021 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О залоге", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112201); 15.07.2016 [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396); 28.02.2007 [Закон КР от 28 февраля 2007 года № 28 "О внесении дополнения и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202062)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263350..1263351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-329>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-329.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 329-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-329

---

1. Күрөө жөнүндө келишимге кыймылдуу мүлктүн кийинки күрөөсүнө тыюу салуучу же чектөөчү жоболорду киргизүүгө жол берилбейт.

2. Эгерде күрөөгө коюлган мүлк башка талаптарды камсыз кылуу үчүн дагы бир күрөөгө коюунун (кийинки күрөөнүн) предмети болуп калса, кийинки күрөө кармоочунун талаптары күрөөгө коюлган предметтин наркынан мурдагы күрөө кармоочунун талаптары канааттандырылгандан кийин канааттандырылат, эгерде артыкчылык укугуна ээ болгон андан мурдагы күрөө кармоочу кийинки күрөө кармоочу менен жазуу жүзүндө башкача макулдашпаган болсо.

3. Күрөө берүүчү ушул мүлктүн колдо болгон бардык күрөөлөрү жөнүндө, ошондой эле бул күрөөлөр менен камсыз кылынган милдеттенмелердин мүнөзү жана өлчөмү жөнүндө маалыматтарды ар бир кийинки күрөө кармоочуга жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү жана ушул милдеттенмени аткарбагандыгынын кесепетинен күрөө кармоочуга келтирилген зыяндын ордун толтурууга тийиш." Катталган күрөө кабарлоосу болгондо, кыймылдуу мүлктүн болгон күрөөлөрү жөнүндө маалыматтарды кийинки күрөө кармоочулар Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен алат.

(КР 2007-жылдын 28-февралындагы № 28, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2021-жылдын 24-мартындагы № 42 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [328-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-328)  
Кийинки берене: [330-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-330)
