# 328-статья. Күрөө жөнүндө келишим

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 30 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"](https://aqlex.ai/kg/doc/112513)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 30 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"](https://aqlex.ai/kg/doc/112513); 24.03.2021 [Закон КР от 24 марта 2021 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О залоге", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112201); 15.07.2016 [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396); 12.07.2011 [Закон КР от 12 июля 2011 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203336); 30.03.2009 [Закон КР от 30 марта 2009 года № 96 "О внесении изменений и дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203129); 17.12.2008 [Закон КР от 17 декабря 2008 года № 266 "О внесении изменений и дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202482); 28.02.2007 [Закон КР от 28 февраля 2007 года № 28 "О внесении дополнения и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202062); 21.07.1999 [Закон КР от 21 июля 1999 года № 83 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263357..1263358>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-328>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-328.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 328-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-328

---

1. Күрөө жөнүндө келишимде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

- келишимдин тараптары;

- күрөө менен камсыздалган милдеттенменин сыпаттамасы, ал милдеттенменин максималдуу суммасы аркылуу чагылдырылышы мүмкүн;

- күрөөнүн предметинин аны идентификациялоо үчүн жетиштүү жалпы сыпаттамасы;

- келишимдин колдонулушунун мөөнөтү. Эгерде келишимде анын колдонулушунун мөөнөтү көрсөтүлбөсө, келишим анда аныкталган тараптардын милдеттенмелеринин аткарылышы бүткөн учурга чейин колдонулат деп таанылат;

- кыймылсыз мүлктү же катталууга тийиш болгон мүлктү күрөөгө койгон учурда - мындай мүлктү күрөө коюучуга таандык кылуучу укук, укукту белгилөөчү документтердин реквизиттерин, ошондой эле тараптардын макулдашуусунда аныкталчу башка шарттарды көрсөтүү менен.

Тараптар күрөөгө коюлган мүлк тараптардын кайсынысында жайгаша тургандыгы тууралу көрсөтмөнү күрөө жөнүндө келишимде кароосу керек. Эгерде күрөө кармоочунун укугу күрөө кагазы менен ырасталса, бул күрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Күрөө жөнүндө келишим жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

3. Кыймылсыз мүлктүн күрөөсү жөнүндө келишим мамлекеттик катталууга тийиш жана милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбайт.

Эгерде күрөө нотариалдык ырасталууга жаткан келишим боюнча милдеттенмелерди камсыз кылса, ошондой эле тараптардын макулдашуусунда каралган учурларда кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюу жөнүндө келишим, кыймылдуу мүлк менен байланышкан укуктар нотариалдык ырасталууга тийиш. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарын каттоо электрондук формада ишке ашырылат, ал аркылуу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталат. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу жөнүндө жоболорду камтыган жараксыз келишимге мыйзамдуу күч бербейт. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталбаган кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу милдеттенмелердин аткарылышын талап кылуу укугун караган ушул Кодекске ылайык түзүлгөн бүтүмдөрдүн жараксыздыгына алып келбейт. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо күрөө кармоочунун мурда катталган кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктары болбогон башка кредиторлордун алдында өзүнүн талаптарын канааттандыруунун артыкчылыктуу укуктарын бөлүп берүү максатында жүзөгө ашырылат. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) күрөөнүн бир эле жүйөсүнө катталган же катталбаган талап укугу бир нече күрөө кармоочулар болгондо, кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) кезектүүлүктөгү артыкчылык катталган талап укугуна берилет. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) катталган талап укугунун артыкчылыгы күрөөнү каттоонун датасы жана убактысы боюнча аныкталат. Катталган күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу жүргүзүлгөн учурда, кезектүүлүк тартибин бузган күрөө кармоочу ушул Кодекске ылайык кезектүүлүк артыкчылыгы бар күрөө кармоочуга чыгымдардын ордун толтуруп берет.

4. Ушул статьянын 2- жана 3-пункттарынын эрежелерин аткарбоо күрөө жөнүндөгү келишимдин жараксыздыгына алып келет. Мындай келишим жокко эсе келишим деп эсептелет.

5. Күрөө укугу: күрөөгө коюлгандыгы катталууга тийиш болгон мүлккө карата - келишим катталган учурдан тартып, башка мүлккө карата - бул мүлк күрөө алуучуга өткөрүп берилген учурдан тартып, а эгерде ал өткөрүп берилүүгө тийиш эмес болсо - күрөө жөнүндөгү келишим түзүлгөндөн тартып күчүнө кирет.

(КР Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 2007-жылдын 28-февралындагы № 28, 2008-жылдын 17-декабрындагы № 266, 2009-жылдын 30-мартындагы № 96, 2011-жылдын 12-июлундагы № 93, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2021-жылдын 24-мартындагы № 42, 2023-жылдын 16-февралындагы № 30 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [327-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-327)  
Кийинки берене: [329-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-329)
